• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто дайынсыз жоголгон аңчыны издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун Алай районунда сегизинчи күн дайынсыз жоголгон аңчыны издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь айылынын тургуну 28-январда болжол менен саат 8:00дө Сары-Күнгөй тоосун көздөй аңчылыкка кеткен. Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсү менен ошол эле саат 16:00дө акыркы жолу байланышка чыккан.

Издөө иштери 30-январда башталган. Учурда 8 куткаруучу, 120 жергиликтүү тургундар менен 9 милиция кызматкери издөө үчүн тартылган. Азырынча аңчы табыла элек, издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий