• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто дайынсыз жоголгон кемпирдин сөөгү Гүлчө суусунан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Ошто дайынсыз жоголгон кемпирдин сөөгү Гүлчө суусунан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы Ү.Б. аттуу аял үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан.

Бүгүн жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу, ИИМдин 15 кызматкери жана туугандарынан үч адам тартылып, Ү.Бнын сөөгү саат 11:10до суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий