• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармектерди арзандатылган баада саткан дарыканалар уюштурулат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандаЙ, дарыканалар шаардагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун филиалдарына ачылат. Бүгүнкү күндө даярдык иштери жүрүп, дары саткан фирмаларга конкурс жарыяланган.

Дары-дармектер шаардагы 1-2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгенгерге 30%, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25%, башка жарандарга рецепттер болгон учурда чекене баадан 10% арзан баада сатылат.

Бул боюнча Ош шаарынын мэриясынын атайын жумушчу тобу иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий