• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто дары-дармектин 5 айга, жеке коргонуу каражаттарынын 3 айга жете турган кору бар

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ош облусунда дары-дармектин 5 айга, жеке коргонуу каражаттарынын 3 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош облусунда бир жолу колдонуучу 16 миң 105 коргоочу кийим, көп жолу колдонуучу 2 миң 457 коргоочу кийим, беткаптардан 196 миң 924 даана, респираторлордон 150 миң 77 даана бар.

“Облуста жалпы 1 миң 100 дарыгер, 4 миңдей медайым жана 1 миң 800 кичи медкызматкер бар. Аны менен бирге Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин жогорку курстарынын 9 студенти Чоң-Алай районунда ыктыярчы катары иштеп келишүүдө. 2020-жылдын март айынан бери жаңы 4 ФАП колдонууга берилип, 3 оорукананын курулушу жүрүүдө (Өзгөн, Араван, Кызыл-Суу). Облустун аймагында 11 жеке оорукана бар. Жеке ооруканаларды ачуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кара-Суу районунда жайгашкан ийне (шприц) чыгаруучу завод беткап жана капельница сайчу система чыгара баштаган. Кара-Суу районун Баш-Булак айылында 200 орундуу инфекциялык оорукананын реконструкция иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий