• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто дарыгерлер 8 айлык ымыркайдын өпкөсүнөн ийне алып чыгышты

Ден соолук 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Ошто 8 айлык ымыркай 30 миллиметрлик ийнени жутуп алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Балдар клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Жыргал Кадыров билдирди.

Анын айтымында, ооруканага келген учурда баланын дем алуусу кыйындап, ал көгөрүп турган. “Нөөмөттөгү дарыгерлер текшерген учурда ийне бөбөктүн өпкөсүнө кирип кеткендигин аныкташкан. Кыска убакыттын ичинде дарыгерлер балага наркоз берип, бронхоскоптун жардамы менен ийнени алып чыгышкан”,- деп билдирди Кадыров.

Ал белгилегендей, азыркы убакта ымыркайдын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий