• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто дарыгерлер аймакты жашылдандыруу иштерин башташты

Аймак 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Ошто дарыгерлер аймакты жашылдандыруу иштерин башташты,-деп билдирет КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында бейтаптарга жана алардын туугандарына жагымдуу шарт түзүү максатында аймакты тазалоо, жашылдандыруу жана санитардык шарттарды жакшыртуу үчүн конкурс-бир айлык жарыяланды.

“Бул бир айлык ушул жылдын жай айларына чейин уланат. Конкурстун жыйынтыктары “Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлер күнү” майрамына карата жыйынтыкталат”.-деп айтылат маалыматта.

Оорукананын кызматкерлери учурда 200дөй түрдүү бак-дарак отургузушту. Бактардын арасы жана арыктар тазаланып, таштандылар оорукананын аймагынан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий