• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Даун синдрому бар балдар подиумга чыгышты – фото

Аймак 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Ош шаарында Даун синдрому бар балдар кооз көйнөктөрдү кийип, подиумга чыгышты.

Иш-чара бүгүн "Шанхай сити" мейманканада Эл аралык "Даун" синдрому бар адамдардын күнүнө карата уюштурулду.

"Сантерра" фондунун негиздөөчүсү, өзгөчө баланын энеси Дина Эшалиева бул иш-чаранын негизги максаты – балдарга карата коомчулуктун пикирин жана стереотиптик ой жүгүртүүнү өзгөртүү.

"Бул оору эмес, бул балдардын өзгөчө абалы. Бүгүн байкайсыңар, биздин балдардын дагы жүрөгү таза, күлүп-жайнап жүргөн кадимки балдар", - деди ал.

Иш-чаранын алкагында Даун синдрому бар балдар-кыздар кооз көйнөктөрдү кийип, подиумга чыгышты.

Эске салсак, 21-март - Эл аралык “Даун” синдромдуу” адамдардын күнү . Дүйнөдө ар бир 700-наристе Даун синдрому менен төрөлөт.

Пикир

Оставить комментарий