• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Даун синдрому бар балдарды тарбиялоочу борбор ачылып, мэр 144 миң сом жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу жана алардын ата-энелерин ар тараптан колдоо максатында "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан борбор ачылды. Ачылышка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, борбордогу ар тараптан колдоо багыты жеке көзөмөлдө боло тургандыгын белгилеп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Борбор ачылганга чейин фондун өкүлдөрү менен жеке жолугуштум. Мэрия тараптан колдоо болуп турат. Кыштын камын жазда көр демекчи борбордун жылуулугун борбордук системага кошуу боюнча тапшырма берилди. Жакынкы күндө ишке ашат. Мэрия тарабынан 144 миң сомду жардам катары кабыл алыңыздар", - деди шаар башчысы.

Ошондой эле шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов борбордогу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылда өтүүчү окууга барып келүү чыгымдары да шаар мэриясынын колдоосунда боло тургандыгын кошумчалады.

"Сентерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова 2006-жылдан бери 21-март даун синдрому бар балдардын эл аралык күнү белгиленип келе жатканын билдирди.

"Фонддо Түштүк боюнча 150 ата-эне бар. Ал эми Ош шаарынан 40 ата-эне катталган. Келечекте борбор балдарды коомго аралаштырууга, алардын жашоодо өз ордун табуу багытына колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле, ата-энелерге жардам берүүгө өбөлгө түзөт", - деди Ж. Туратбекова.

Ачылыштын алкагында концерттик программа уюштурулуп. "Күн балдары" өз талаттарын тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий