• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто дем алыш күнү эки ирет жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында дем алыш күнү эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда саат 08:40та очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында эки баллга чейин сезилди.

Ошондой эле 19-сентябрда саат 21:21де жер титирөө катталып, Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий