• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто дене тарбия жана спорт кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 6-апрель - Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэр Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кырычбек Саркарбаев жетектеген кызматкерлер, машыктыруучулар, спортчулар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

К.Саркарбаев спорт өлкөнүн желегин чет жерде желбиретүү эле эмес, дени сак жашоого үндөп, жаман адаттардан оолак кылган тармак деп билдирди.

-“Спортчулар шаарыбыздын намысын гана коргобостон, эл арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту, спорт аркылуу элибиздин генофонун сактоо үчүн биринчи кезекте сергек жашоого жетишүүнүн, спорт-бул тынчтыктын, биримдиктин, туруктуулуктун данакери экендигин көрсөтө алдыңыздар. Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл. Ал үчүн биз Өлкөбүздүн Түштүк борбору болуп саналган Ош шаарында спортту колдоого, өнүктүрүүгө жана биздин спортчуларыбыздын эл аралык, республикалык таймаштарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишишине шарт түзүүбүз зарыл. Өткөн жыл биздин спортчулар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Ош шаарынын спортчулары 2016-жылы өлкөнүн 28 чемпиондугуна, 39 эл аралык турнирге, 36 өлкө биринчилигине, 23 республикалык деңгээлдеги турнирге, 21 КРнын ачык кубогуна, 6 Азия чемпиондугуна, 5 Орто Азия чемпиондугуна, 4 дүйнө чемпиондугуна, 1 КРнын спартакиадасына, 3 эл аралык семинарга катышып, 96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медалга ээ болушту. Буюрса, 2017-жылы Ордолуу Ошубуздун Туусун бийик көтөрүп, көптөгөн спорттук ийгиликтерди жаратууга аракет кылабыз”,-деди Кылычбек Саркарбаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө 50гө жакын спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий