• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто дин аалымдарынын катышуусунда эки күндүк конференция өтөт

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев баштаган Россия Федерациясынын муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Муххединов, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Казакстандын муфтийи Наурызбай Утпинов, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов өз сөзүндө "Ислам - тынчтыктын тиреги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы эң сонун коммуникациялык платформа жана толеранттуулук үчүн бир гана мусулман дин өкүлдөрү үчүн эмес, башка диний конфессиялардын өкүлдөр үчүн да кызмат кылаарын белгиледи.

Жолугушууда тараптар азыркы заманда тынчтыкты, бир туугандыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Ош шаарында дин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ислам - тынчтыктын тиреги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Эртең, 1-октябрда муфтийлердин катышуусунда жогорку окуу жайлардын тийиштүү факультеттеринде, медреселерде, окуу борборлорунда лекциялар, мечиттерде жума баяндар уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий