• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто дин кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир болот

Аймак 0

Бишкек, 15.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Ош шаарында 24-мартта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун казылары ортосунда Дүйнөлүк кургак учук күнүнө карата футбол боюнча турнир өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) иш-чаранын демилгечилери.

“Турнирди өткөрүү Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров менен муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин жолугушуусунда маалым болду”,-деп билдиришти ССМдан.

Спорттук иш-чара “Кургак учукту жеңебиз – Ислам стигмага каршы” ураанынын алдында түштүктү Ак-Тилек кичи районунда өтөт.

Иш-чаранын уюштуруу бөлүгүн USAID “Кургак учукту жеңебиз” долбоору өз мойнуна алган. Уюмдун маалыматы боюнча байге фондуна төмөндөгүчө:

1-орун – ноутбук;

2-орун – фотоаппарат;

3-орун – идиш-аяк;

4-орун - термопот (термос-чайник).

Турнирге кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий