• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто дин кызматкерлери азанды кыраатын чыгарып айтууну үйрөнүштү

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Оштогу Сулайман-Тоо борбордук мечитинде Ош облустук казыяты тарабынан уюштурулган дин кызматкерлери (азан айткан) үчүн окутуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, семинарга дин кызматкерлери жана Кара-Суу районунун аймагынан келген 60ка жакын мечит азанчылары катышкан.

“Семинардын биринчи бөлүгүндө Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Намаз убактыларынын бекитилген эрежелери боюнча түшүнүк берип, намаз убактыларынын аныкталышы, алардын чек-аралары боюнча шарияттын жана астрономиялык илимдин аныктаган негизинде түшүндүрүп берди. Ал эми экинчи бөлүктө облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары жана пазилеттери боюнча сабак өттү. Мындан сырткары сопуларга практикалык тапшырмалар берилип, азанды мукамдуу айтуудагы кырааттары текшерилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий