• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто диний-экстремисттик материалдарды мыйзамсыз таркатып жүргөн 32 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Интернет тармагында “Абдулло” аты менен диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык болгон материалдарды мыйзамсыз таркатып жүргөн 32 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ушул жылдын 21-сентябрында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында интернет тармагында “Абдулло” аты менен таанымал жаран мыйзамсыз материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө “Абдулло” аттуу жарандын өздүгү такталган. Ал Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 32 жаштагы А.К., аттуу тургуну болуп чыккан.

А.К., аттуу жаран апрель айынан бери Сирия мамлекетиндеги “Таухид валь Жихад” эл аралык террордук уюмунун катарына кошулган. Шектүү Кыргызстан жана Өзбекстан аймагында жашаган тургундарды террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө каржылык жардам көрсөтүү боюнча үгүттөө иштерине активдүү катышып келген.

Милиция кызматкерлери тарабынан 17-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында атайын даярдалган 5000 сом накталай акчаны өзүнүн ыктыяры менен кызматташкан атуул аркылуу А.К. берген. Ал Сириядагы террордук уюмга которуу максатында бара жаткан учурда кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (террордук ишке көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан 2019-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин камакка алуу тандалган.

Пикир

Оставить комментарий