• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто эки адам уурдалган унааны өз баасынан 10 эсе арзан күрөөгө коюп качып кетишкен

Коом 0

Ош, 16.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто эки адам унааны уурдап, аны өз баасынан 10 эсе арзанга күрөөгө коюшкан.

Милициянын маалыматы боюнча, Кара-Суу районунун Мады айылынын 26 жаштагы эки тургуну Ош шаарынын Алай көчөсүндө турган “Хундай портер” үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкен.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 13-мартта болжол менен саат 16:00дө эшикти бузуп ачып, унааны күрөөканага алып барып, унаа ага таандык экендигин айтып 45 миң сом алып качып кетишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди, териштирүү амалдары жүрүүдө.

“Хундай портер” унаасынын баасы Оштогу Жапалак унаа базарында 400-500 миң сомго бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий