• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто эки адамды алдап, акчасын алып алган шектүү Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Ошто эки адамды алдап, акчасын алып алган шектүү жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам алдамчылык жолу менен 18 миң доллар каражатын алып алганы жазылган.

“Арыз ээси карызды төлөп берүүнү талап кылганда белгисиз жаран коркутууга аракет кылып, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында арыз жазган адамга жөнөтө баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми июндун башында Ош облусунун Араван районунун дагы бир тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2017-жылы бир жаран миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдоо жолу менен алгандыгын айткан.

Эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 35 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган жаран мурда 8 эпизод менен алдамчылык иш-аракеттери үчүн 166-берененин 3-бөлүмү (эски кодекс) менен жоопко тартылган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий