• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто эки аюу койлорго кол салды

Аймак 0


Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда аюулар 67 койду өлтүрүштү. Бул тууралуу райондук жайыт комитетинен билдиришти.

Такталган маалыматтар боюнча 22-июлда эки аюу Сабиржан уулу Куштарбек аттуу жергиликтүү жашоочунун короосуна кол салышкан. Короо Кашка-Жол айыл округунан алыс эмес жердеги Беш-Терек жайлоосунда жайгашкан.

Кол салуунун кесепетинен 67 кой тытылып калган. Жырткычтардын жакындап келе жатканын көргөн чабан коркуп качууга аракет кылган, бирок чалынып жыгылып, эс-учун жоготуп койгон. Ал колун сындырып алганы айтылууда.

Аюулардын малдарга кол салуусу жөнүндөгү маалымат пайда болгондон кийин жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү айылдыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары аюуларды жайлоодон алыс айдоо боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий