• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто эки кабаттуу кафеден өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Бүгүн, таңкы саат 04:05 чамасында Оштогу эки кабаттуу кафеден өрт чыккан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Монуев көчөсүндө эки кабаттуу “Дүрдана-2” кафесинин 170 чарчы метр чатыры жана эмеректери күйгөн.

“Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 жана №12 АӨКБнөн жалпы 4 бөлүм, ККББнан КБП (ППУ) ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 04:24тө чектөөгө алынып, саат 06:40та толук өчүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий