• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто эки килограмм ооган гашишин алып жүргөн үч жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Ош облусунда эки килограмм ооган гашишин алып жүргөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык, ошондой эле айдоочуга жана эки жүргүнчүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизаттар табылып алынган. Алынган ооган гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинде (“Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган А.И., Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий