• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто эки өспүрүм бала “Түштүк” каналына чөгүп кетишкен

Кырсык 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Ош шаарындагы “Түштүк” каналына эки өспүрүм бала чөгүп кеткен. Кырсык 7-августта “Альп-Лагерь” эс алуу борборуна жакын жерде болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 11-12 жаштагы балдар каналдын жээгинде ойноп жатып, кокустуктан сууга түшүп кетишкен. Куткаруучулар балдардын денесин таап ата-энелерине өткөрүп берген.

Ошондой эле, Тоң районундагы Орто-Токой суусунан 7-августта Көк-Мойнок айылынын тургундары 20-25 жаштагы белгисиз аялдын сөөгүн табышкан. Куткаруучулар суудан аялдын денесин алып чыгып, анын өздүгүн тактоо үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

3-августта Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналындагы сууга чөккөн 34 жаштагы кишинин денесин 8-августта табышкан.

Аламүдүн районунда 7-августта Лебединовка айылында 25 жаштагы аял сууга түшүүнү көздөп, Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Анын денеси азырынча табыла элек. Издөө иштери уланууда.

Сокулук районундагы Сокулук каналына 19-июлда чөгүп кеткен 10 жашар кызды издөө уланууда. Кырсык Төш-Булак айылында болгон.

Пикир

Оставить комментарий