• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто эки унаа кагылышып, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 658-чакырымында кечээ, 20-февралда болжол менен саат 07:59да жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Жигули” жана “Деу Тико” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен "Деу Тико" унаасындагы 4 адам ар кандай жаракаттарды алган.

“Куткаруучулар “Деу Тико” унаасынын айдоочусун унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Калган 3 адам жолдо бара жаткан унаалар менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми “Жигули” унаасындагы 3 адам эч кандай жаракат алышкан эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий