• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто эки жылдан бери өзүнүн өспүрүм кызын зордуктап жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы өзүнүн 14 жашар кызын 2 жылдан бери зордуктоого шектүү катары 1982-жылы туулган жаранды убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринин 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү психологиялык жактан жабыркап жүргөндүгүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган.

"Алгачкы маектешүүгө жасаган аракеттер жыйынтыксыз болгон. Кыз инспектор менен маектешүүдөн баш тарткан. Бирок, милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык жактан оор абалда жүргөндүгүн айтып берген. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери токтоосуз Ош ШИИБнын жетекчилигине рапорт менен кайрылып, жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй бүлө мүчөлөрү милицияга алынып келинген", - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны атасы (өз атасы) 2019-жылдын июнь айынан баштап 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктап жүргөн.

Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Россияда болгон. Бирок, апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздардын айтуусунда, ата-энесинин ажырашып кетишинен коркуп, милицияга кабарлашкан эмес.

Кечээ, 10-ноябрда жабырлануучу кыздын 1982-жылы туулган атасы жашы жетелек кызды зордуктоого шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий