• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто эки жылдык кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы боюнча коомдук угуу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Ош шаарында 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы боюнча коомдук угуу өтүүдө. Жыйынга шаардын тургундары, бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

«Туруктуу өнүгүүгө багыт» программасы 2020-жылга чейинки Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт.

Туруктуу өнүгүүгө багыт алуунун максаты – жакынкы келечекте шаар калкынын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Программа жергиликтүү бийлик органдардын, кызыкдар болгон бизнес структуралардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда иштелип чыкты жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамы менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырыла турган иш-чараларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий