• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды. Анын үй-бүлөсү Сирияда

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ошто экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Ош облусунун тургуну Р.Ж. өзүнүн YouTube`дагы каналы аркылуу экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү маалыматтарды таратууга шектелүүдө.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө Р.М.нын 30 жаштагы агасы жана эжеси Сириянын аймагында экени аныкталды.

Аталган факт “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу” беренеси боюнча каттоого алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий