• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында “Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы бардык мекеме ишканалардын, казыяттын, жогорку, орто окуу жайлардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаш активисттер катышты.

Алар экстремизм жана терроризмге каршы жасалган плакаттарды көтөрүп, улуттар аралык мамилени чыңдоого, элди бейпил жашоого, достукка үндөп, өнүгүү жолунда бара жаткан мамлекетти гүлдөтүүгө биргеликте кам көрүүгө чакырышты.

Бул акциянын максаты экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо болуп эсептелет. Жөө жүрүшкө жалпысынан Ош шаары боюнча 9 миңге жакын адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий