• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Эл аралык “Евразиянын ишкер айымы – 2018” көргөзмө-жарманкеси ачылды

Аймак 0

Ош, 07.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 7-мартта Эл аралык “Евразиянын ишкер айымы – 2018” дүң-чекене соода көргөзмөсү ачылды.

Иш-чаранын ачылышында жалпы катышуучулардын алдына чыгып Индонезиянын Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Анака Агунга Где Алита Сантику, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Болотбек Купешов, КЭРнын Оштогу башкы консулу Сун Люциндер сүйлөштү.

Коноктор иш-чаранын алкагында көргөзмөгө коюлган продуктулар менен таанышып чыгышты.

Көргөзмө-жарманкенин уюштуруучуларынын айтуусунда, бул иш-чара уникалдуу болуп саналат. Анткени иш-чара Индонезия, Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген дээрлик 100 компаниянын бир аянтчага топтой алды.

Бардыгы болуп көргөзмөгө Өзбекстандан келген 100гө жакын компания, Үрүмчүдөн (КЭР) үч жана Кыргызстандан дээрлик 20 ишкана катышууда.

Пикир

Оставить комментарий