• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто эл аралык "Сулайман-Тоо кубогу" мелдеши өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Ош шаарында футбол боюнча эл аралык "Сулайман-Тоо кубогу" мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Мелдеш 7-мартта Асылбек Момунов атындагы академиянын аймагында башталган. Оюндарга Кыргызстан жана Өзбекстандан 6 команда катышууда.

Катышуучулар:

  1. Асылбек Момунов атындагы академия (Ош шаары);
  2. Академия (U-17), (Ош шаары);
  3. Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (Өзбекстан) ;
  4. Нур-Баткен (Баткен шаары);
  5. Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (Жалал-Абад шаары);
  6. Чемпион (Бишкек шаары).

Пикир

Оставить комментарий