• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто эл аралык “Түштүк Экспо 2017” өндүрүш көргөзмөсү өтүүдө

Аймак 0

Ош, 12.09.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарындагы “Таатан” соода борборунда 12-14-сентябрь аралыгында эл аралык “Түштүк Экспо 2017” өндүрүш көргөзмөсү өтөт.

Иш чаранын алкагында тамак-аш, кийим-кече, бут кийим, техника жана аксессуарлар, идиш-аяк, эмерек жана башка өнүмдөгү продуктулар көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн уюштуруучусу КР Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаменти, техникалык колдоо көрсөткөн "BiExpo" компаниясы.

Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, ишкерлер жана Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Малайзия, Ирак, Казакстан, Белоруссия, Россия жана Кыргызстандын алдыңкы компаниялары менен соода өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий