• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто эл аралык “Жаштар – Кербени 2018” жаштар форуму өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында активисттердин башын бириктирген Эл аралык “Жаштар – Кербени 2018” жаштар форуму өтүп жатат. Расмий ачылышына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан мамлекеттеринен жана Кыргызстандын район-шаарларынан жаш активисттер катышты.

Мэр Таалайбек Сарыбашов форумдун катышуучуларына, коңшу өлкөлөрдөн келген жаштарга ийгиликтерди каалады.

“Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү жаштардын билимине, маданиятына, коомдогу ордуна көз каранды. Билим алып, көп тил билип, замандын агымы менен, заманбап технологияларды үйрөнүп, алган билимди мамлекет, эл үчүн жумшасак ошондо өнүгүү өсүү болот”, - деди Т.Сарыбашов.

Форумда жаштар адам сатууга каршы күрөшүү, миграция маселелери, жаштардын саясаттагы жана коомдогу орду туурасында ой-пикирлерин ортого салышат.

Жыйындын алкагында келген коноктор уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Ош шаары туурасында видеотасмага күбө болушту.

“Жаштар - Кербени 2018” Эл аралык жаштар форуму Ош шаарынын мэриясы, шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү борбору, Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий