• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто эл жана турак жай фондун каттоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда Ош шаарында 2022-жылы эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча мэриянын комиссиясынын отуруму өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, күч органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын башчысы Азизбек Рысбаев маалымат берди.

“Эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы өткөрүлүш керек болчу. Бирок, пандемияга байланыштуу жылдырылып, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн - анда 4,8 миллион адам катталса, акыркы жолу 2009-жылы - 5,3 миллион адам катталган.

Эл каттоо – БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда бир өткөрүлө турган дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистиктери тарабынан жүргүзүлө турган ири масштабдуу изилдөө болуп саналат.

Каттоо документтерине жынысы, жашы, этникалык тиешелүүлүгү, туруктуу жашаган жери, каттоо учурунда жашаган жери жана бул дарек боюнча жайгашкан убактысы, жумуштуулук формасы, киреше булагы жана башка ушул сыяктуу суроолор киргизилет. Киргизилген суроолор боюнча талап кылынган маалыматтарды бербей коюуга суроого жооп берип жаткан адамдардын укугу жок. Каттоочулар атайын бейджиктер менен камсыздалат. Каттоочуларга маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Каттоо учурунда алынган маалыматтар анонимдүү купуя болуп саналат жана Улуттук статистикалык комитеттен башка бир да мамлекеттик орган тарабынан катталбайт.

Мыйзамга ылайык, каттоого КРнын бардык жарандары, Кыргызстандын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынан тышкары чет өлкөдө бир жылга чейин жашаган жарандар, анын ичинде - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелериндеги консулдук эсепке алууда турган жарандар катталууга тийиш. Ушуга байланыштуу, каттоону өткөрүү убагында 10 күндүн ичинде аларга келген каттоочуларга түшүнүү менен мамиле жасоо өтүнүчү менен сиздерге кайрылабыз”, - деди Азизбек Рысбаев.

Жыйындын соңунда Алмаз Мамбетов тийиштүү ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү тапшырмаларды берди.

- Ош шаардык статистика башкармалыгын эл жана турак жай каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү, каттоонун материалдарын кабыл алуу жана текшерүү менен иштеген персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана шаймандар менен камсыз кылуу;

- Ош шаардык статистика башкармалыгы менен биргеликте эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн ишке тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин жана аларга күбөлүктөрдү берүү;

- 2021-жылдын 1-ноябрына карата шаардын административдик-аймактык чек араларын тактасын, андагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерленишин тартипке келтирсин, курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдүн аныкталышын жана номерленишин, үйлөрдө номер белгилердин жана көчөлөрдүн аталыштары бар табличкалардын болушун камсыз кылуу;

- 2021-жылдын 22-октябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштарды жана көчөлөрдү кайра атоону токтотуп туруу.

- Турак-жайлардын документтери жок жарандардын документтерин тез аранын ичинде бүткөрүү.

- Эл жана турак жай фондун каттоо үчүн ишке тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарын сакталышын, каттоо үчүн бөлүнүп берилген жайларды кайтарууну камсыздоо жана каттоо учурунда керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тарткан тараптардын аймагына кирүүгө тоскоолдук кылган адамдарга административдик таасир берүүчү чараларды көрүү.

Пикир

Оставить комментарий