• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. Кечээ, 28-декабрда Ош Гуманитардык педогогикалык институнун жыйындар залында, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планынын аткарылышы жана 2018-2023-жылдарга карата жарандык интеграцияны өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттар жана милдеттерди талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү. Ага КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эсенбек Тогонбаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын, билим берүүнүн, казыяттын жана ММКнын өкүлдөрү катышты.

Н.Кадыров этностор аралык мамилелерди чыңдоо, улуттар, конфессиялар аралык ынтымактуулук жана толлеранттуулук маселеси Ош шаарынын мэриясынын көңүл чордонунда экенин билдирди.

“Улуттар аралык карама-каршылыктарды жаратууга кызыккан жана өбөлгө түзгөн деструктивдик күчтөрдүн мыйзамсыз иш аракеттерине коомчулук жана укук коргоо органдары менен биргеликте бөгөт коюу, этностор аралык мамилелерге үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп туруу иш-чаралары мэрия тарабынан мерчемделип, бул багытта алгылыктуу жумуштар уюштурулуп келет. Аймакта этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо, туруктуу коомдук-саясий кырдаалды сактоо максатында жергиликтүү массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иш алып баруудабыз. Бул багытта жогорку жана орто окуу жайларда, орто мектептерде 200дөн ашуун лекциялар, семинар-тренингдер, мэриянын, билим берүү тармактарынын жетекчилеринин, уку коргоо органдарынын жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышусунда өтүп, натыйжада өзүнүн оң тасирин берди.

Ош шаарында 2016-жылдын октябрь жана 2017-жылдын январь айларында Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын расмий делегацияларынын жолугушуулары, тараптардын тыгыз байланыштыгын күчөтүү боюнча саясий пикирлердин төп келиши жана социалдыкк-экономикалык, достук кызматташтыкты жаңы деңгээлде уюштуруу менен кыргыз-өзбек достугун, улуттар аралык биримдикти күчөтүүгө белгилүү деңгээлде шарт түзүлдү. 2017-жыл ичинде 79 интернационалдык үй-бүлө баш кошуп этностор аралык мамилелердин чыңдалышына өзүнүн позитивдүү таасирин берди”,-деди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий