• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Энелердин күнүнө карата жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө 20-май Энелердин күнүнө карата, жаштардын энелерге болгон сүйүүсүн даңазалоо максатында жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды.

Шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев жеңүүчүлөргө дипломдорду жана 1-орунга 10 000 сом, 2-орунга 5 миң, 3-орунга 3 миң сом акча каражатын тапшырды.

Айта кетсек, 20-май-Энелердин күнүнө карата Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын энелерге болгон сүйүүсүн даназалап, энелердин маанайын көтөрүү үчүн сынак жарыяланган эле.

Сынактын багыттары:
1) Энелердин сапаттарын чагылдырган “Видео ролик”
2) Эне жөнүндө эссе жазуу
3) Эне жөнүндө ыр (Поэзия же жандуу ыр видеосу менен)

Пикир

Оставить комментарий