• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто энеси сабаган 3 жаштагы бала өзүнө келбей каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.18 /Кабар/. Ошто апасы сабаган үч жаштагы бала өзүнө келбей каза болгон,-деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин бардык аракетине карабастан бала кечээ, 11-февралда саат 18:35 чамасында каза болгон.

Эске сала кетсек, 3нөн 4-февралга караган түнү Ош шаарынын 1994-жылы туулган А.Д., аттуу жашоочусу өзүнүн үч жаштагы баласын сабаган. Баласы өзүн жаман сезип жатканын көргөн эне аны Ош облустук ооруканага алып барган, ур-токмокко алганын жашырып, тепкичтен кулап кеткен деп билдирген.

Баланын баш мээсине кан куюлуп кеткен.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайында.

Пикир

Оставить комментарий