• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто энеси тилемчилик кылууга мажбурлаган балдар мамлекеттин карамагына алынды

Аймак 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Ошто энеси тилемчилик кылууга мажбурлаган балдар мамлекеттин карамагына алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБсинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 8 жана 11 жаштагы эки бала кайыр сурап жүрөт деген маалымат алып, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда аталган факт аныкталган.

"Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү бөлүмгө алып келип, алар менен маектешүү жүргүзүшкөн. Анда жаш балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жаткандыгы, күндө 1 500 сом план коюп бергендигин, аны таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен. "Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, квартирабыздын акчасын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт" деп айтышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды.

Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 181-беренеси ("Жашы жете электи коомго каршы аракеттерге тартуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий