• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Оштогу Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши башталды. Мелдештин ачылуу аземине Ош шаарынын вице- мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, кызматкерлери, спортчулар катышты.

Нурбек Кадыров шаар мэринин атынан катышуучуларды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Мелдеш эки топко бөлүнүп өтүүдө.

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

“ Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Мелдешке жалпы мекеме ишканалардан 14 команда, окуу жайлардан 7 команда катышууда. Оюндар 22-февралда жыйынтыкталып, финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин спорт боюнча башкы адиси Дубанаев Кубатбек.

Пикир

Оставить комментарий