• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто эркин күрөш боюнча турнир өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 09.11.19. /Кабар/. Ошто эркин күрөш боюнча VIII эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VIII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир старт алган.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 300гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Турнир бүгүн, 9-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий