• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто эркин күрөш боюнча VII эл аралык турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды. Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан,Тажикстан жана Россиядан келген 400гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Турнир эртең жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий