• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто “Эссе Квинтет” чыгармачылык тобу концертин берди

Аймак 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кечээ, 16-августта Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук дарма театрнда Эл аралык конкурстардын лауреаты, Россиянын белгилүү ансаблдарынын бири “Эссе-Квитет” жандуу концертин тартуулады. Бул маданий иш- чара достук келишими бар Ош жана Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы маданий жана ишмердүүлүк миссиясын жыйынтыктады.

Концертке Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, Санкт-Петербур шаарынан билим берүү комитетинин жетекчисинин орун басары Андрей Борщевский баштаган делегация өкүлдөрү, шаардыктар катышты.

“Эссе-Квитет” чыгармачылык тобу орустардын улуттук инсурментинде түрдүү жанрларды ойноп, шаардыктарга жандуу концерт тартуулашты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 15-17-август күндөрү Санкт-Петербур шаарынын маданий жана ишмердүүлүк миссиясынын алкагында делегация келип, тийиштүү адистер ооруканадагы дарыгерлер менен, мугалимдер менен жолугуп тажырыйа алмашып, жеке ишкерлер менен соода-саттык иштерин жүргүзүү максатында чоң жыйындар уюштуруп, концерт менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий