• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто "Евростиль" компаниясы мыйзамсыз тургузган көп кабаттуу үй түрттүрүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Ош шаарында Жогорку соттун чечими менен Масалиев 64 көчөсүндө мыйзамсыз тургузган көп кабаттуу үй түрттүрүлүүдө.

Маалыматка ылайык, "Евро-Стиль" ЖЧКсына Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзбөө боюнча эскертүү берилген.

Аталган инспекциянын аймактык башкармалыгы шаардык сотко кайрылып, сот курулуш компаниясын курулушту токтотуп, мыйзамсыз тургузулган имаратты түрттүрүү жана 200 миң сом айыппул салуу чечимин чыгарган.

Андан кийин облустук жана Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий