• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто футбол Академиясы ачылып, президент 500 миң сом көрүндүк берди

Аймак 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы Футбол Академиясынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, спортчулар жана тургундар катышты.

Иш-чаранын негизинде, президент жергиликтүүлөрдү жаңы Футбол академиянын ачылышы менен куттуктап, академияга 500 миң сом көрүндүк тапшырды.

Футбол академиясына Ош шаарынын мэриясы 4,0 га жер аянтын бөлүп, FIFAнын каржылоосу менен өткөн жылы курулуш иштери башталган. FIFA тарабынан академиянын курулуш иштерине 1 млн доллар бөлүнгөн.

Академия бардык стандарттарга ылайык бүткөрүлүп, анда админстративдик имарат, төрт кичи футбол аянтча, эки чоң футбол талаасы, чечинүүчү жай, унаа токтотуучу жай, күзөт кызматы жана башкалар менен камсыз болгон.

Бул жерде 80ден ашуун бала жатып,тарбияланып, футбол менен машыгат. Мындан сырткары, миңге жакын бала келип футбол менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Анда жаштардан мыкты футболчуларды тарбиялап чыгаруу максатында, Бразилия, Россиядан атайын машыктыруучулар келген.

Жаңы ачылган объектке белгилүү футболчу Асылбек Момуновдун ысымы ыйгарылган.

Асылбек Момунов кыргыз футболчусу, жарым коргоочу. Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубтарында ойногон. Ал 30 жашында,1996 жылы 29 мартта Алматы- Талдыкоргон жолунда автокырсыктан каза болгон.

Асылбек Момунов Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун 2 жолку ээси, 1993-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган.

Пикир

Оставить комментарий