• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто футбол боюнча D сертификатына машыктыруучулук курстары өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Ош шаарында 24-28-февраль аралыгында футбол боюнча D сертификатына машыктыруучулук курстары өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен (KФБ) билдиришти.

Анда Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол федерациясынын техникалык директору Айбек Татанов башкы инструктор, ал эми Алмаз Мирзалиев ассистент болду.

Курстун алкагында теориялык лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүлдү. 18 катышуучу KФБтин машыктыруучулук курстарына катышкандыгын тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий