• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Ош облусунда СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүрөтчүнүн кичи мекенинде өткөрүлгөн иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана Гапар Айтиевдин туугандары катышты.

Алгач СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окулду. Ошондой эле коноктор Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жайгашкан Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи менен таанышышты.

Мындан сырткары, Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр арасында Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган Ош облустук сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, Гапар Айтиевдин жана сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү “Гапар Айтиевдин мурасы ”көргөзмөсүнө коюлду.

Сынактын женүүчүлөрүнө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун атынан сыйлыктар тапшырылды.

Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн кыштагында төрөлгөн. Кыргыздын туңгуч кесипкөй сүрөтчүсү, ошондой эле пейзаж жанрынын дагы негиздөөчүсү.

Пикир

Оставить комментарий