• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, БУУнун Аялдар уюмунун өкүлү Дильдора Хамидова, шаар турмушунун ар кыл тармагындагы лидер айымдары, маданият, искусство, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Гендердик теңчилик жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү темасындагы иш-чаранын алкагында шаардагы студенттердин, Ош шаарынын Сүрөтчүлөр союзунун сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Ага улай Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле, сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө, 16 активдүү лидер айымдарга ыраазычылык кат жана баалуу белектер тапшырылды.

Эске салсак, аталган акциянын алкагында коомдук турмуштун ар кыл тармагындагы лидер айымдар маалыматтык роликтер аркылуу гендердик теңчиликке чакырып, кечээ жогорку жана орто окуу жайлардын кыз-келиндер командаларынын арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Бул турнирде 1-орунга ОшМУнун командасы, 2-3-орундарга Ош шаардык өспүрүмдөр спорт мектебинин командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөргө алкыш баракчалар жана баалуу белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий