• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. 28-июнда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты.

Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Жантөрө Мирзалиевди алтын медаль менен ата-энеси, жакындары, спортчулары жана машыктыруучулары куттукташты.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жантөрө Мирзалиев бир күн мурун Бишкекте өткөн 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак ченинде биринчи орунду жеңип алган.

Ал Япония менен Казакстандан келген атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште ирандык спортчуну 8:5 эсебинде жеңген соң Азия чемпиону аталды.

Пикир

Оставить комментарий