• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Үй-бүлө институтун чыңдоо, аялдар менен балдардын укугун коргоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Ош шаарында үй-бүлө институтун чыңдоо, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Мажитованын жетекчилиги алдында өттү.

Иш-чаранын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик темасы, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдар кеңешинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, аялдарга психологиялык жана моралдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары тарабынан сунуштар, ой-пикирлер, демилгелер айтылды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясы баш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык жана райондук мекеме-уюмдардын адистери, коомдук уюмдардын, облустук адистештирилген мекеме, башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий