• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кескин түрдө төмөндөдү - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ошто үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кескин түрдө төмөндөдү. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргенден бери салыштырмалуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук азайды. "Буга чейин күнүнө ар бир райондон бирден-экиден үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып турса, азыр андай көрүнүш аз учурайт. Ошондой эле кылмытуулуктун саны да азайганы байкалып жатат", - дейт ал.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий