• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Ош шаарынын А. Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталып, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов капсула салуу иш-чарасына катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул көпүрө жараксыз абалга келип, ӨКМ кортунду чыгарган. Буга чейин көпүрөнүн курулуш иштерине даярдыктар болуп, казуу иштери жүрүп жаткан.

Калаа башчысы курулуштун сапатына көңүл буруу негизги маселе экендигине токтолду. Көпүрөнүн узундугу 9 метр болуп, кеңдиги 12 метр болот.

Көпүрөнүн курулушун шаардык жолдор башкармалыгы көзөмөл кылып, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Шаар башчысы А. Асранкулов көчөсүнө курулуп жаткан жөө жүрүүчү жолду (тротуар) да текшерүүгө алып, таш тамандарды (брусчатка) басуу иштерине чейин мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Салынуучу жөө адамдар жүрүүчү жолдун узундугу 157 метр болуп, туурасы 3 метр. Учурда таш таман басууга даярдоо иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин шаардык жолдор башкармалыгы аткарып, мөөнөтү 3 ай.

Бул курулуш аяктагандан кийин башка көчөлөрдөн куруу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий