• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто “Йакын Инкардын” 9 мүчөсү экстремизм үчүн камалды

Аймак 0

Ош, 13.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымдын 9 мүчөсү экстремизм үчүн камалышты,-деп билдирет Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын 16 мүчөсү кармалган.

“1-мартта Ош шаардык соту тарабынан алардын тогузу соттолду”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган жарандар Ош облустук ИИБ кызматкерлери тарабынан Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондорунун аймагында кармалган. “Йакын Инкардын” калган 7 мүчөсү боюнча иликтөө иштери уланып жатат.

2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаардык соту “Йакын Инкар” диний агымына Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий