• 84.8
  • 96.92
  • 1.12

Ошто ички ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Ошто ички ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланды. Бул тууралуу ирригация маселеси боюнча демилгелүү топ билдирет.

КР Жогорку Кеңеш тарабынан “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”(Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын президентине кол коюуга жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунун актуалдуулугу эмнеде? Анткени жылдан жылга дыйкан-фермерлерди сугат суулары менен камсыз кылуу оорлошуп баратат. Бир четинен кургакчылык болсо, экинчи четинен ирригациялык тутумдун талапка жооп бербегендиги, үчүнчүдөн башкаруунун туура уюштурулбагандыгы болууда.

Алалык, ички чарбалык каналдардын бардыгы Суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагына өткөрүлүп берилген. Дыйкан-фермерлерди сугат суулары менен камсыз кылуу, ички каналдарды ремонттоп калыбына келтирүү ж.б. ушуга байланышкан маселелердин бардыгы СПАларга жүктөлгөн. Бирок, учурда СПАлар жеке бул милдетти аркалоого алы келбей, жер-жерлерде сугат суулары менен камсыз кылуу жаатында орчундуу көйгөйлөр жаралууда. Бир караганда мындай олуттуу ишти жеке эле СПАларга жүктөп коюу менен дыйкан-фермерлердин муктаждыгын чечүүгө мүмкүн болбой калды. Мына ушул жагдайды эске алганда жогоруда аты аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү учур талабы.

Республика боюнча 736миң гектар сугат аянты бар. Ал район аралык каналдар жана ички чарбалык каналдар аркылуу сугат суулары менен камсыз болууга тийиш. Райондук суу чарба башкармалыктарынын карамагында болгону 5,7 км канал болсо, СПАлардын карамагында 23,2 км чарбалык каналдар бар. Ички чарбалык каналдардын узундугу 4 эсеге көп. Каналдарды калыбына келтирүүгө деп Райондук суу чарба башкармалыктары жылыгы бюджеттен 370 млн сомдун тегерегинде каражат алышат. Ал эми СПАларга өз бюджетинен болгону 34,9 млн сом араң топтолот. Андыктан ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү иштерине олуттуу көңүл бурбаса болбойт. Суунун тартыштыгынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткени боюнча дыйкан-фермерлерден түшкөн арыз-даттануулар улам көбөйүп баратат.

Мурдагы мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары СПАлардын ишине кийлигише албайт. Ирригация маселелери боюнча Демилгелүү топ сугат сууларын дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн ирригация боюнча мамлекеттик программаларга ички каналдарды калыбына келтирүүнү киргизип, каржылоо маселесин чечүүнү жана бул өтө маанилүү маселеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана катышуусун мыйзамдаштырууну суранышканы да бекеринен эмес. Анткени, акыркы 30 жылдан бери ички чарбалык каналдар дээрлик кароосуз калып, аларды калыбына келтирүүгө СПАлардын алы келбей, ички чарбалык каналдар аркылуу дыйкандарга суу жеткирүүдө олуттуу көйгөйлөр жаралууда. Суу башындагы дыйкандардын талааларына суу жетсе, этек жагындагыларга жай бою суу жетпей, эккен эгиндери күйүп кеткен учурлар көп кездешет. Ички чарбалык каналдар олуттуу оңдоп-түзөөгө муктаж.

Кыргыз Республикасынын «Суу Кодексине», «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» мыйзамына демилгелүү топ тарабынан бир катар сунуштар берилген.

Сугат тутумдарынын менчигине жана сугат суулары менен камсыз кылуунун башкаруу субъектисинин статусуна карабастан, сугат сууларын ар бир чарбага алып келүүдөгү мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн кеңейтүү.

Ички каналдардын каржылоо булактарын кеңейтүү.

Ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоонун ар кандай каржылоо булактары үчүн укуктук негиздерди түзүү. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, КР бюджеттик тутумунан тышкаркы каражаттардан.

Ички ирригация боюнча жергиликтүү коомчулукта тандоо укугу пайда болот.

Суу пайдалануучулар бирикмелерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жана ошондой эле жергиликтүү жамааттарга өз ыктыяры менен өзүлөрүнүн жоопкерчилиги астында, ички чарбалык ирригациялык курулмалардын статусун аныктоого жана сугат суулары менен камсыз кылууда ЖӨБ органдарынын жоопкерчилик даражасын аныктоо боюнча чечим кабыл алуу укугу берилет (жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында).

Суу пайдалануучулардын өз милдеттерин аткаруу жоопкерчилиги кеңейтилет.

Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, дыйкан чарбалардын жана башка сугат суу колдонуучулардын сууну пайдалануу эрежелерин сактоо жана сугат сууну жеткирүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жагынан жоопкерчилигин жогорулатуу.

Төлөмдөрдү эсептөө ыкмасын мамлекеттик орган көзөмөлдөйт.

Сугат суу кызматтары үчүн акыны эсептөө тартиби суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул орган ички чарбалык сугат тармактарында пайдаланылган сугат суунун нарк-акысын эсептөөнүн тууралыгын жана толуктугун көзөмөлдөйт.

Тарифти бекитүү СПАнын, же эгерде ирригациялык курулмалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсе, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыйгарым укуктарында калат.

“Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”(Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) мыйзам долбоору боюнча Ош шаарында өткөн конференция Демилгелүү топтун мыйзам долбоорун кабыл алуудагы иш процесстери, Мыйзам долбоору кабыл алыгандан кийинки өзгөрүүлөр туурасында кеңири сөз болду.

Конференциянын катышуучулары “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кабыл алынган мыйзам долбоорундагы тарифтик саясатка карата эксперттин пикири менен да таанышышты.

Ирригация тармагын эффективдүү башкаруу үчүн негизги кадамдар жасалды десе болот. Мыйзам күчүнө кирсе муниципалитеттер менен СПалардын ортосундагы диалогдун бекемделише шарт түзүлүп, ирригацияга байланыштуу маселелердин чечилүүчү жеңилдейт.

Эң маанилүүсү дыйкан-фермерлердин бир катар көйгөйлөрү жеңилдеп, сугат суулары менен камсыз кылуу багытындагы иштери жакшыра баштайт деген үмүт бар.

Пикир

Оставить комментарий