• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто үйдүн чатырынан чыккан өрт кафени каптады (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Ош шаарынын Достук кичи районунда жайгашкан “Ансар” кафеси өрттөңдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда болжол менен түнкү саат 04:06лар чамасында 44-көчөдө жайгашкан үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тилсиз жоонун кесепетинен үйгө жанаша жайгашкан кафе күйүп кеткен.

“Күйүп кеткен кафенин жалпы аянты 550 м2 түзгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок”, - деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 5 бөлүм тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий